Ош облустук клиникалык балдар ооруканасында дарыгерлер темир жутуп алган 7 жаштагы баланын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG порталына дарыгер Элмурат Эркулов билдирди.
"Биздин ооруканага темир жутуп алган 7 жаштагы баланы алып келишти. Ал 3 күн мурда оозуна темир салып ойноп отуруп жутуп алыптыр. Өспүрүм ошол боюнча жүрө берген. Аны 24-октябрь күнү түштөн кийин ооруканага алып келишти. Абалы орто болчу. Алгач операцияга даярдап жаткан элек. Кийин карап чыгып бронхоскоп жабдыгынын жардамы менен темирди алууга аракет кылдык. Натыйжада ишибиз ийгиликтүү болуп жутуп алган темирди операциясыз алдык", - деп билдирди дарыгер Эркулов.
Маалыматка ылайык, учурда баланын ден соолугу канаттандырарлык. Ал азыр палатада дарыланууда.