Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Ак Үйгө келген элдин кийимин текшерүү терс таасирин тийгизе турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда парламент жыйынында спикерди шайлоодо билдирди.
“Мен Дастан Жумабековдун талапкерлигин колдойм. Ошол эле учурда бир сунуш айта кетейин. Спикер болуп калсаңыз Ак Үйгө келген элдин кийимин текшерүүнү токтотсок. УКМК кызматкерлери кийимин текшеришет. Кимдер кирбей турганын тандап жатышат. Бул терс таасирин тийгизет. Депутаттар элдин өкүлүбүз десек тоскоолдук кылбашыбыз керек. Кедей жаран болсочу, костюм шымды кайдан табат”, - деди ал.
Дастан Жумабеков бул маселени эске ала турганын айтты.