Нарында ӨКМнын кызматкерлерине курулуп жаткан көп кабаттуу үй техникалык коопсуздукка жооп бербейт

Нарын шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине курулуп жаткан 24 батирлүү үй техникалык коопсуздукка жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы текшерүү жүргүзүп, Эко-Строй-Сервис ЖЧКсы энергетикалык өрт көзөмөлү жана жумушчулардын эмгек коопсуздугун сактабай курулуш жүргүзүп жатканын аныктаган.

"Курулуш ишин көзөмөлдөгөн Азамат Самидиновго жеринен протокол түзүлүп, 7 500 сом административдик айып салынды. Салынган айып толугу менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Келтирилген кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча бир ай мөөнөт берилди. Коюлган талаптар өз учурунда аткарылбаса, курулушту жүргүзүү токтотулуп иш сотко берилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2017-10-25 17:39:50
Анча мынча нерселерге тийишпей эле турушса болот да. Негизи үй сапаттуу курулса болду.
+1
Zein
2017-10-26 00:19:43
Rifle_I, 1991 жылдан бери биринчи жолу квартира салынып атат Нарында. А так турган зданияны бузуп эле келишкен. Ушуга тийишпей андан коро башка жакты карап алышса болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан