Аламүдүн районунда мыйзамсыз курулуп жаткан турак үйдүн ээсине 200 миң сом айып салынды

Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында мыйзамсыз курулган 3 кабаттуу турак үйдүн ээсине 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында М.К. аттуу тургун уруксат кагазы жана долбоордук документтери жок өз билемдик менен курулуш иштерин жүргүзгөн. Инспекторлор тарабынан мыйзамсыз курулушту токтотуу боюнча акты, протоколдор толтурулуп, курулуш ээсине 200 миң сом айып салынды.

"Учурда курулушту буздуруу токтомун ишке ашыруу максатында материалдар Аламүдүн районунун сот аткаруучуларына өткөрүлдү. Ошондой эле Аламүдүн районунун акимине аныкталган мыйзам бузууну жокко чыгаруу боюнча тийиштүү каттар жиберилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2017-10-26 01:21:47
Закон иштей баштаганбы же атаандаштарга болгон бут тосуубу ?
0
Baha.A
2017-10-26 09:32:57
Мыйзам дагы деле карапайымга иштейт да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан