БШК: “8 шайлоо участогунун жыйынтыгы жокко чыгарылды”

Бүгүн, 25-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, БШК президенттик шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.

Маалымат боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы 2367 шайлоо участогунан протоколдорду кабыл алган. Шайлоого катышкан жарандар боюнча БШКнын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарында дал келбөөчүлүк болгондуктан 8 шайлоо участогунун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Жокко чыгарылган 8 участокто 11 336 добуш болгон. Жокко чыгарылган шайлоо участкалары Кара-Суу, Сузак райондорунда, Бишкек шаарында жана Сокулук районунда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dina
2017-10-25 23:42:35
Кээ бироолордун махинациясынан карапайым элдин добушу куйуп кетеби? Кайра шайлоо откорулобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан