Бишкек электр жылуулук борбору мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы көмүрдү жагып баштады. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек электр жылуулук борбору мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы көмүрдү жагып баштады. Анткени бул көмүр 3 жылдан бери мамлекеттик материалдык резервдер фондунда жатат. Муну пайдаланып салбаса сапаты жоголот. Ошондуктан ушул жылдын 22-июнунда Кыргыз өкмөтү фонддогу көмүрдү колдонуу боюнча буйрук чыгарган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек жылуулук борборунда жылуулукту камсыздоодо суткасына 2 700 тонна көмүр жагылууда. Бүгүнкү күнгө карата көмүрдүн жетишсиздиги боюнча маселе жок. Быйылкы кыш мезгилине карата Бишкек жылуулук борбору 1 миллион тонна көмүр керектөө боюнча тараптар менен келишим түзгөн.