Парламентте Экономикалык кылмыштар менен күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Кечээ, 25-октябрда парламентте Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын кызматкерлерин киреше салыгынан бошотууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.

Аталган кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов билдиргендей, мекеменин бир кызматкеринен жылына 19 миң сом киреше салыгы кармалат. Ал мыйзам долбоору социалдык жактан камсыз кылуу жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкканын айтты. Мекеменин жалпы кызматкерлеринен жылына 5 миллион сомдон ашык киреше салыгы кармаларын кошумчалады. Депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан