Депутат Эльвира Сурабалдиева кумар оюнуна тыюу салынган мыйзам иштебей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда парламент жыйынында билдирди.
"Мыйзамда каралган тыюу салууга карабастан пайда табуу үчүн айрым шылуундар мыйзамдан качуунун ар кандай жолдорун ойлоп табышты. Анын ичинде алар кумар оюндары жайгашкан жайдын тышкы жасалгасын, аталышын өзгөртүп өзүнүн бизнесин өнүктүрүп жатышат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга каршы күрөшүүнүн ордуна жаап-жашырганы кейитет. Кумар ойногон адам психологиялык жактан жабыркап, жакындарын ойлобой калат. Кыйынчылык менен тапкан акчасын жок кылышат. Мүнөзү өзгөрүп, өзүнө өзү кол салгандар бар. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөйлү", - деди Сурабалдиева.