Салык кызматы Кара-Балта арак заводунан күмөндүү акциздик марка чапталган 800дөн ашуун бөтөлкө тартып алды

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан күмөндүү акциздик марка чапталган 800дөн ашуун бөтөлкө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Салык кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кара-Балта арак заводу ЖЧКсынын кампасына рейд жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук өндүрүштөрдү табышкан. Жалпысынан 0,5 литр идишиндеги 820 бөтөлкө алынган.

"Рейддин алкагында алынган алкоголдук өндүрүш өкмөттүн соттук-эксперттик мамлекеттик кызматына экспертиза жүргүзүү үчүн жиберилди. Жыйынтыгы менен материалдар тийиштүү органдарга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилмекчи", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zzz---zzz
2017-10-26 12:42:09
Бул Чыныбай Турсунбековдукубу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан