ЖЫЛНААМА, 28-ОКТЯБРЬ: Бала чагында мал доктур болууну кыялданган америкалык актриса Жулия Робертс 50 жашка толду

Америкалык актриса Жулия Робертс АКШнын Жорджия штатындагы Смирна шаарында мугалимдин үй-бүлө­сүндө 1967-жылдын 28-октябрында төрөлгөн. Жулия мектепти бүткөндөн кийин Манхэттен шаарына келип, дүкөндө сатуучу болуп иштеп калган. Ал 19 жашка толгондо агасы Эрик аны киного тартылууга чакырган. Жулиянын алгачкы тартылган киносу "Кызыл кан" деп аталган. Андан соң ушул сыяктуу бир-эки кыска метраждуу фильмге тартылган Жулияны америкалык режиссёр Гарри Маршалл "Красотка" фильмине баш каармандын ролуна тартып, бул фильм жарык көргөндөн кийин ал көпчүлүккө таланттуу актриса катары таанылган.

Ричард Гир жана Жулия Робертс

Аталган тасма анын жаратуучуларына 180 миллион доллар киреше алып келген. Андан кийин актриса көптөгөн тасмаларга тартылуу сунушун алып баштаган. Анын "Свадьба лучшего друга", "Ноттинг Хилл", "Сбежавшая невеста" жана башка фильмдерде жараткан ролдору карьерасын өргө карай көтөрүп, Голливуд актёрлорунун катарына кирген.

Актирса бала чагында Жулия Робертстин бала чагы кыйынчылык күндөр менен коштолгон. Ал 4 жашында ата-энеси ажырашып кетип, өгөй атасы менен жашаган. Апасы өгөй атасы менен 11 жыл чогуу жашап кайра ажырашышкан. Жулиянын апасы ажырашууга анын балдарга көрсөткөн зомбулугу себеп болгонун ачыктаган.

13 жашында пицца даярдаган жерде тейлөөчү болуп иштеген

Жулия Робертс 13 жашынан тартып өз алдынча акча таба баштаган. Окуучу күндөрүндө эле пицца даярдаган жерге тейлөөчү болуп ишке кирген. Ошол кезде ал келечекте мал доктур болууну кыялданган. Бирок колледжди аяктагандан кийин ажарлуу кыз келечегин анализдеп ойлонуп, актрисалык жолду тандоону чечип, Нью-Йоркко кеткен. Карьерасы дароо эле башталып кеткен деп айтуу кыйын. Сатуучу болуп ишке кирип, кийин "Click" мода агенттиги менен кызматташуу келишимин түзгөн. Тасмага тартылуу кыялын ишке ашыруу үчүн сынактарга тынымсыз катышып турган. Адегенде «Пожарная служба», «Удовлетворение», «Кроваво-красное» жана «Мистическая пицца» аттуу фильмдерде чакан роль жаратуу менен карьерасы башталган. 1990-жылы ага ийгилик жылмайып, "Красотка" тасмасында Ричард Гир менен башкы каармандын образын аткарган.

Жулиянын жылмаюсу анын ажарына абдан жарашатУчурда Жулия Робертс Голливуддун эң кымбат, бай жана ийгиликтүү актрисаларынын бири болуп саналат. Мисалы, «Улыбка Моны Лизы» аттуу тасмада роль жаратканы үчүн эле ага 25 миллион доллар гонорар төлөп беришкен.

Жулия Робертс күйөөсү Дэниэл Модер менен 3 баланы тарбиялап келишет. Кинооператор Дэниэл менен Жулия 2002-жылы баш кошушкан. Алардын улуу балдары эгиздер - баласы Финнеас Уолтер жана кызы Хэзел Патриша. 3 жылдан кийин түгөйлөр Генри Даниэл Модер аттуу уулдуу болушкан. Азыркы тапта актриса үй-бүлөсү менен Манхэттенде хансарайда жашайт. «Om Red Films» аттуу кинокомпаниянын ээси жана кайрымдуулук иштери менен алектенет.

Актриса күйөөсү, балдары менен

Жулия Робертс күйөөсү Дэниэл Модер мененДэниэл Модерге чейин 1993-жылы жылдызы жанып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп турганда Жулия Робертс өзүнөн бир топ жаш улуу Лайл Ловетт аттуу адамга башын байлап, турмушка чыккан. Бирок алардын үй-бүлөлүк турмушу 2 жылга гана созулган.
Жулия Робертс жана мурдагы күйөөсү Лайл Ловетт

28-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aydarken
2017-10-29 23:05:18
Кулгону жарашыктуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан