Бүгүн, 28-октябрда өзгөчө коңур жана бийик үнгө ээ, фольклордук чыгармаларды да эстрада жанрындагы ырларды да катыра аткарган ырчы Кутман Жолдошев 51 жашка толду. Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Кутман Жолдошев менен байланышып, өздүк майрамы менен куттуктаганыбызда ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү сезимдери менен бөлүштү.
"Алгачкылардан болуп балдарым, келинчегим куттукташты. Эртең менен турсам эле ак түстөгү роза гүлдөрдү алып келип куттукташып, жагымдуу маанай тартуулашты. Азыр дос, тууган, кесиптештер чалып жатышат. Бул адамды кубандыра турган көрүнүш. Бүгүн үйдө жакындарымдын жанында болом, үйгө өкүл балдарыбыз, кыздарыбыз келе турган болушкан", - дейт ал.
2 жылдан кийин Кутман Жолдошевдин чыгармачылыкта жүргөнүнө 30 жыл толот. Бул жылы ошол мааракеге карата даярдыктар баштала тургандыгын кошумчалады.
"Өткөн жылы отчёттук концертим өттү, филармонияда иштеген ырчылар жеке чыгармачылыкка көп убакыт бөлө албай калат, бирок сахнадагы 30 жылдыкка карата, буюрса, ири концерт даярдайм", - деди Жолдошев.
Ал Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1984-жылы айылындагы орто мектебин бүтүрүп, 1985-1987-жылдары Советтик аскерлердин катарында кызмат өтөгөн.