Сахнага 60 жыл чыгармачылык өмүрүн берген актриса Даркүл Күйүкова 1919-жылдын 29-октябрында Төкөлдөш кыштагында жарык дүйнөгө келген. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери, Ардак грамоталар, дипломдор, медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.
Күйүкованын 7 класстык гана билими болгону айтылып жүрөт. Бирок табиятынан акылдуу, таланттуу, мээнеткеч, сергек актриса Даркүл Күйүкова жүздөн ашык ролдордо ойногон.
Актрисалык ишмердиги 1936-жылы Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрында башталган. Ал драмалык театрда иштеп турганда көп негизги ролдорду аткарган. Анын жараткан образдары өзүнүн таасын табылган кайталангыс мүнөздөрү, курч сатиралык багыты менен айырмаланган. Өзгөчө татаал мүнөздөгү, эрки күчтүү каармандар анын чыгармачылыгында басымдуу орунду ээлеген. Ал Толгонайдын оптимисттик пландагы эң күчтүү жана таасирлүү образын салмактуу көрсөткөн. Жаңыл Мырза, Чыйырды, Айганыш, Васса Железнова, Алмагүл, Леди Милфорд, Уулбала, Анна Андреевна, Курманжан датка, Гонерилья жана башка ролдорду ийинине жеткире аткарган.
Ушундан кийин Бакен Кыдыкеева экөөнө "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам берилген. Ал кезде экөөнүн тең жыйырмадан жаңыдан өткөн кездери болгон.
Күйөөсү Ысмайылбек Абдубачаев экөө биргеликте 6 баланы тарбиялап өстүргөн. Кыргыз улуттук театр искусствосунун улуу ишмери 78 жаш курагында, 1997-жылы 20-мартта узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн өткөн.
29-октярбрга карата
жылнаама.