Өзбекстан өзүнүн мессенжерин ишке киргизет

"Өзбектелеком" жакында Telegram, Skype, Viber жана WhatsApp мессенжерлеринин аналогу болчу Uzphone тиркемесин ишке киргизишет. Бул тууралуу Өзбекстандын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Uzphone учурда тестирлөөдөн өтүп жатат. Азыр ал аркылуу тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүп, өз ара чалышууга мүмкүн. Ошондой эле аталган маалыматта "Өзбектелеком" компаниясы Uzphone азырынча кеңири аудиторияга жеткиликтүү эместигин, эки айдын ичинде бета-тестирлөөдөн, акыркы сыноодон өтүп кийинки жылы расмий түрдө коомчулукка чыгарыларын билдиришкени айтылат.

Андан сырткары "Өзбектелеком" компаниясы алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү аталган тиркемени жүктөп алган 1 миллиондон ашык колдонуучуну тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришкен.

Айта кетсек, буга чейин Өзбекстанда белгилүү социалдык тармактын жергиликтүү аналогу иштелип чыгып, колдонууга берилген. Бирок алар өзбекстандыктардын арасында тиешелүү деңгээлде популярдуулукка ээ боло алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bekhaliev
2017-10-30 09:14:38
Мына сага булда онугу
+9
Artur555
2017-10-30 10:22:26
Кыргызда да чыгат буйруса месенджер ""Бири биринди Чукула, Ушакта"-деп чыгат.
+1
Mongol1155
2017-10-30 09:20:02
Бизде бийлик бат-бат алмаша берип, орун талашып отуруп онукпой калган экенбиз да. Окунучтуу...
+10
tular
2017-10-30 09:46:41
Тижиктердин да оздорунун Чи-Кап деген тиркемеси бар!!! Биздики да чыгарса лично мен колдрнмокмун!
+2
kechirmeni
2017-10-30 09:54:20
бизде не до этого го
+1
asylbekova
2017-10-30 09:57:11
Мирзаев 14жыл премьер министр болуптур. Бизде премьер носки алмаштыргандай алмаша беретго. Ошентсе кантип онугуу болсун. Кыйраткан иштери жок Экс министр дегенине кубанып журушот.
+12
Syn4y
2017-10-30 09:58:26
uwak dep 4ygarat kyrgyzdar
+1
Tyty1990
2017-10-30 10:11:17
Биз качан онугобуз я? Бири бирибизди чукуп журуп отобуз го.
+2
Sultanmatievkg
2017-10-30 10:36:27
Шайлоодо баардыгын 1000 сомго сатылдынарго.дагы бул жерге келип суйлойсунор до.онугууну озубуздон баштасак болмок.дагы 6 жыл жыргайбызго карыз алып
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан