Вице-премьер-министр өлкөдө уйлар 100 пайыз идентификациядан өткөнүн айтты

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев өлкөдө уйлар 100 пайыз идентификациядан өткөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Ал букаларды идентификациядан өткөрүү иши жылдын аягына чейин бүтө турганын белгиледи. “Айылдарда СССР убагындагы стреотиптер калып жарандар канча малы бар экенин жашырышып, санын азайтып айтып коюшат. Жылдын аягына чейин ири мүйүздүү малды өткөрүп алсак, кийинки жылы жылкыларды өткөрөбүз”, - деди ал.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров малдын кулагына "сөйкө" салып койгон менен иш бүтпөй турганын айтты. Депутат малды идентификациядан өткөрүү иши толук кандуу болбой жатканын белгиледи. Ал бодо малдын баары 2017-жылы идентификациядан өтүшү керектигин, бардык ишти айыл өкмөткө жүктөй берген туура эмес экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Snejana
2017-10-30 12:38:59
Admin_superstan ушул боюнча толук маалымат алып бериниздерчи сураныч. Ошондо, идентификациядан откондо эмне болот? Малга налог толонобу?
+1
admin_superstan
2017-10-30 14:04:41
Snejana, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Isco23
2017-10-30 13:45:20
Кооооооп алдай бербегиле,мисалы менин уйларымдын кулагында сары бирка жок,веткринарлар келбейт айтсан,же канторуна жетелеп барыш ккпи урматтуу министр? Кичине этияттап суйлосонор 96 97% деп 100 дебей
0
Isco23
2017-10-30 13:46:59
Бу киши кечееле вице болду го? Кичине сураштырып анан 100% дебейсинби? Еу чык эшикке
+1
almanbetperm
2017-10-30 14:36:30
Кайдагы 100 процент, биздин айылдан бироонон да корбодум
+3
knk
2017-10-30 14:59:20
Калп
+1
taalay89
2017-10-31 00:04:45
Карандай калп менин уйларыма басыпта келген жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан