Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Султан Жумагулов сунушталды. Анын талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында каралышы мүмкүн экенин комитет мүчөсү Аида Исмаилова билдирди.
Комитеттин дагы бир мүчөсү Рыскелди Момбеков расмий эмес маалыматтар боюнча маданият министри кызматына Султан Жумагулов, Султан Раев жана Эльвира Сариеванын талапкерлиги сунушталганын айтты.
Буга чейин Эльвира Сариева маданият министри болбой турганын айткан эле.
Белгилей кетсек, 28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулган.
Маданият министри кызматына сунушталган Султан Жумагулов Кыргыздагы белгилүү журналист, мурун "Азаттык" радиосунун, ЭлТР жана КТРК телеканалынын жетекчи кызматтарында иштеп келген.