Парламент комитетинде маданият министри кызматына Султан Жумагуловдун талапкерлиги жактырылды

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Султан Жумагуловдун талапкерлиги жактырылды.

Маалым болгондой, аны аталган кызматка премьер-министр Сапар Исаков сунуштаган. Султан Жумагулов бул ишти алып кетүүгө жашы, тажрыйбасы дагы жетиштүү экенин айтты.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетиши боюнча вице-премьер-министр Чолпон Султанбековадан сурады.

Султанбекова Казаков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулган.

Маданият министри кызматына сунушталган Султан Жумагулов Кыргыздагы белгилүү журналист, мурун "Азаттык" радиосунун, ЭлТР жана КТРК телеканалынын жетекчи кызматтарында иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Anichka12
2017-10-30 15:17:33
Биздин Кыргызстанда кадыр саясаты олуп калган
0
Leilek-razzakov
2017-10-30 15:28:14
Маданият чойросундо жургондордон койсонор ыссык келеби? Бирин сунуштап, экинчин жактырып кызматтарга жайгаштыра бересинер. Элден деле сурамжылоо откоргуло да. Мен Казакбаев бошоду дегенден бери, Гулшайыр эжени койсо жакшы болсо керек деп ойлоп жургом озунчо эле.
+1
jasgul
2017-11-01 08:46:52
бул абабызды жыланач гостиницада чуркап журот деп атышат беле ыя. Эми маданиятты которот экен дааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан