Интернеттеги социалдык тармакка Эртай Искаков деген ат менен катталган Бишкек шаарынын тургунунун арстандын баласы менен түшкөн сүрөттөрү коомчулук ичинде талкуу жаратууда. Тагыраагы ал кечээ, 29-октябрда жеке баракчасына арстандын баласы менен сейилдеп жүргөндөгү сүрөттөрдү жүктөгөн.
Аны көргөн интернет колдонуучулардын айрымдары суктанышып, жылуу пикирлерин калтырышса, кээ бирөөлөр Кызыл китепке кирген жапайы жандыкты көчөгө сейилдетпей, тез арада жаныбарларды коргоочу корукка тапшырууну талап кылышууда. Ал эми колдонуучу өзү бул кичинекей жандык менен кайдан, кандайча жолугуп калганы жөнүндө билдирүү калтырган эмес.