"Apple" компаниясынын кызматкери кызынын видеосу үчүн жумуштан айдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аталган компаниянын инженери Брук Питерсондун кызы iPhone X үлгүсүндөгү уюлдук аппаратты видеого тартып, телефон сатыкка чыкканга чейин эле коомчулукка таратып салган. Анда жаңы чыккан аппараттын сырткы көрүнүшүн, экранын, календарын жана андагы тиркемелерди ачык көрсөткөн. Видео көп өтпөстөн өчүрүлгөнү менен тез арада популярдуу болуп, аны бир канча интернет колдонуучу көрүүгө жетишкен. Жыйынтыгында Питерсон кызынын жоругу үчүн компаниядан официалдуу кечирим суроого мажбур болгон. Бирок ага карабастан "Apple" компаниясы кызматкери ички тартипти сактабагандыгы үчүн аны жумуштан четтетүүнү туура көргөн.
Ал эми кызы видеону жөн гана өз кызыкчылыгы үчүн тартканын, аны таратууда мыйзам бузуу менен алектенип жатканын билбегендигин айткан.