Бүгүн, 30-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү боюнча иликтей турган жумушчу топ түзүү маселеси каралды.
КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдиргендей, 2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн. Депутаттын айтымында, бөлүнгөн каражаттын 142 миллион сому гана иштетилген.
“2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, басылып чыккан китептердин баасы кымбат болууда. Жумушчу топ түзүлүп, бул боюнча каралып чыгышы керек”, - деди.
Жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык жүргүзүлгөн иштерди тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова жетекчилик кылган жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамына депутаттар: Рыскелди Момбеков, Тазабек Икрамов, Дүйшөн Төрөкулов, Альфия Самигуллина, Аида Исмаилова кирди.