Экономика министри Артём Новиков былтыркыга салыштырмалуу быйыл ички дүң продукциясынын көлөмү жогору экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн отурумунда билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү 335 миллиард сомго жетип, өсүү темпи 105 пайыз болгон. 2016-жылдын январь-сентябрь айларында аталган көрсөткүч 101,5 пайызды түзгөн.
“Экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында өзгөчө өнөр жай секторунда болду. Айыл чарба тармагында өсүү 0,8 пайыз, курулушта – 5,2 пайыз, өнөр жайда – 21,2 пайыз, тейлөө тармагында – 0,8 пайыз жогорулаган. Республика боюнча 158 миллиард 1 миллион сомдук айыл чарба азыктары чыгарылган. 2016-жылдын январь-сентябрь айларына карата өсүү темпи 100,8 пайыз болду”, - деди Новиков.