Өлкөдө өкмөттүн колдоосу менен Кожомкул балбан жөнүндө тасма тартылат

30-октябрда парламентте Каба уулу Кожомкул балбан жөнүндө 130 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасма тартуу маселеси каралды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган тасманы тартууга 70-80 миллион сом талап кылынарын эсептеп чыгып, Каржы министрлигине кайрылган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдиргендей, тасма тартуу ишине ушул жылы 25 миллион сом, ал эми 2018-жылдын эсебинен 45 миллион сом каралат. Ошондой эле статс-катчы кино тартуу жаатында белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев тарабынан сунушталган сценарий бар экендигин айтты.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков: “Курманжан датка” көркөм тасмасы 70 миллион сомго тартылса, эмнеге Кожомкул тууралуу тасма андан 3 эсеге кымбат бааланыш керек?" - деди. Секимов бул баа азырынча сунуш экенин айтып, акыркы чечим сынактын жыйынтыгына жана бюджетте каралган каражатка жараша болорун билдирди.

Тасманы тартуу иши 2018-жылдын 30-июнуна чейин башталып калышы керек. Бул боюнча комитет тарабынан өкмөткө каржы булактарын таап, ишти баштоо тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nusii
2017-10-31 08:40:13
Андан коро Манас баатыр жонундо кино сериал тартса болот. Мисалы туштук Кореянын Жумонг сериалына окшоп
-1
kechirmeni
2017-10-31 08:47:21
Жакшы кылышыптыр откондо Кожомкул атабыз тууралуу бир макала чыкканда мен да айттым эле сунущ кылып, себеби кийинки муундар Кожомкул сыяктуу улуу инсандар тууралуу аз билишет. Тасма тартылып калса элибизге пайдалуу болот эле
+1
gulzat85
2017-10-31 09:34:39
Эн жакшы болоор эле.
0
nurbekasr
2017-11-01 05:34:03
Кысталак Момбектин небереси кайдан болсо да илешет да,бок издеген чымындай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан