Чек ара кызматы: "Кыргыз-Кытай чек арасында кезек күткөн унаалар жок"

30-октябрда оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Кытайга виза алуу татаалдашкандыктан бүгүнкү күндө Кыргыз-Кытай чек арасында кезек күткөн унаалардын узундугу 10 чакырымга жеткенин айтышкан. Чек ара кызматы айтылган маалыматты төгүнгө чыгарды.

Аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттарында кезек күткөндөр жок. "29-октябрда 20дай унаа чек арага келип, 30-октябрь күнү саат 08:00дөн 11:00гө чейин өтүп кетишкен. Учурда кезек күткөн унаалар жок", - деп айтылат билдирүүдө.

"Эркеч-Там", "Торугарт" өткөрүү пункттары иш күндөрү эртең мененки саат 8ден кечки саат 8:00гө чейин иштеп, ишемби жана жекшемби күндөрү иштебейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан