ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: Кыргыз маданият кызматкерлеринин күнү

2-ноябрь - Кыргыз маданиятынын түптөлүшүнө жол ачылган күн. Тактап айтканда, 1926-жылы 2-ноябрда Кыргыз тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" аттуу драмасы коюлган.

Бийлик башчылары бул датаны эске алуу менен 1995-жылы 28-июлда Кыргыз өкмөтү маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318-токтомун чыгарган.

Кыргыз Республикасында учурда 16 миңден ашуун маданият кызматкерлери иштейт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдар музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган эки жогорку окуу жайы, 8 толук эмес жогорку жана орто окуу жайлары бар.
Кыргыз ССРинин Маданият министрлиги алгач 1953-жылы 15-мартта негизделген. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1991-жылдын январь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги болуп өзгөргөн.
2-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан