Үй-бүлөдө сүйүктүү жар, мээримдүү эне, сахнанын ажарлуу айымы, ырчы Алина Жетигенова бүгүн, 6-ноябрда 53 жашка толду. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жетигенова "Кыздын сыры", "Арген", "Ал мен эмес", "Жаз" аттуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.
Ырчы айымга байланышып, өздүк майрамы менен куттуктаганыбызда ал порталга ыраазычылыгын билдирип, ачык маанайда буларга токтолду: "Маанайым эң сонун, үй-бүлөм үчүн менин туулган күнүм кубанычтуу датага айланган. Жыл сайын күтүшөт, жылдагыдай эле кечээ түнү сааттын жебеси он экини какканда балдарым, жолдошум куттуктап баштады. Бүгүн да эртең менен менден эрте туруп, мага жакшы маанай тартуулоо үчүн даярданып жатышыптыр", - дейт ал.
Алина Жетигенова Таластын Арал айылында 1964-жылы 6-ноябрда төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" аттуу ыры менен Алина деген аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет", "Таазим" музыкалык топторуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон. Ырчы бул жылы да чыгармачылыктын үстүндө кызуу эмгектенерин кошумчалады.
"Өткөн жылы чоң концерт бергем. Ошондо жазылган ырларды элге жайылтуунун үстүндө иштейм. Бүгүн көптөгөн тааныш, дос, туугандарым жакшы тилектерин билдирип жатат. Ошол тилектер орундалсын, дагы ийгиликтерди жаратуунун аракетин көрөм. Убакыт өткөн сайын туулган күнүңдү шаан-шөкөт менен белгилегенден тартынат экенсиң, бирок жакындарың ага карамак беле. Азыр жолдошум, балдарым баары чуркап даярданып жатышат. Куттуктагандардын баары үйгө батпайт. Андыктан ресторанда белгилейбиз", - дейт Жетигенова.
6-ноябрга карата жылнаама.