6-ноябрга караган түнү Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында болгон кырсык 10 адамдын өмүрүн алды. Ага карата Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кырсык болгон жерге Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги жана Таш-Көмүр ШИИБинин өздүк курамы барып, кароо жүргүзүштү. Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, Жалал-Абад ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен иш козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Айта кетсек, 6-ноябрга караган түнү Бишкек-Ош каттамынын 457-чакырымында DAF газ ташуучу чоң унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, 10 адам мерт кеткен.