super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБи: "Бишкек-Ош жолунда каза болгон 10 адамдын тогузу Орусияга бараткан өзгөндүктөр болгон" (фото)

 

Бүгүн Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында жол кырсыгынан каза болгон адамдардын аты-жөнү такталууда. Учурда 9 адамдын аты-жөнү такталды. Каза болгон бир адамдын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен DAF газ ташуучу унаа бетме-бет кагылышкан.

Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Аваз Доосов Хонда Степвагон үлгүсүндөгү 8 жаран бир ымыркайы менен Орусияга жолго чыгып, кырсыкка туш болгонун айтып берди.

"DAF газ ташуучу чоң унаа жолдо башкаруусун жоготуп каршы тилкеге оодарылып кеткен. Ошол учурда Хонда Степвагон унаасы өз жолунда келе жатып күтүүсүз оодарылган DAF'ты келип сүзгөн. Натыйжада DAF автоунаанын айдоочусу жана Хонда Степвагондогу 9 адам каза болду", - деди Доосов.

Кырсыктан каза болгондордун тизмеси:

1. К.Кодиржанов, 1994 -жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

2. Ф.Абдувалиев, 1988-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

3. Х.Абдувалиев, 1989-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

4. К.Набиджанов, 1994-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

5. К.Шабданов, 1977-жылы Аксы районунун Аксуу айылында туулган;

6. Б.Ашурова, 1994-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

7. А.Розахунов, 1989-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

8. Н.Расулжон кызы, 1995-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

9. Х.Адилбеков, 1988-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган;

10. А.Мамадалиев, 2016-жылы туулган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(28)
06.11.2017. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
05-02-2017
Соӊку аракети:
28-08-2018 14:58
Жынысы:
Белгисиз
+13
Озбекби кыргызбы баарибир КУДАЙДЫН жараткан пендеси.Тагдырына жазып койсо корбогонго айла жок.
06.11.2017. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
28-10-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 13:52
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ээх жаман иш болуптур жаткан жерлери жайлуу болсун. Кобу озбектер го фамилиясынан корунуп турат.
06.11.2017. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
311
Катталган:
12-02-2017
Соӊку аракети:
31-10-2018 00:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+15
Ош Бишкек жолун жана айдоочуларды тыкыр козомолго албаса болбой калды. Только самалетто учат окшойбуз эми
06.11.2017. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
574
Катталган:
05-06-2013
Соӊку аракети:
15-11-2018 00:12
Жынысы:
Белгисиз
+32
Жапжаш экен баары, жаныңар жаннатта болсун. Башка не демекпиз, жаштарыбызды жат жерге тентиткен бийликке жетсин убалы. Жемкорлорду КУДАЙЫМ жазаласын!
06.11.2017. 12:45 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+7
Benazir08, Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
06.11.2017. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
19-04-2013
Соӊку аракети:
26-08-2018 16:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
admin_superstan, башкалардын улутун, динин кемсинткендерди 3 эмес, 30 кунго эле айдап салса кандай болот?
06.11.2017. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
291
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:34
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаткандардын жайы жаннаттан болсун...Жакындарына сабр.Ош-Бишкек жолундагы таксисттер уктабастан жолго чыгышып,жон эле учуртуп айдашат.
06.11.2017. 12:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
04-12-2011
Соӊку аракети:
08-11-2018 19:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Sochi
+10
Озбекпи Кыргызбы баары бир адам да,мусульман да. Аллах жаткан жерлерин бейиштин бакчаларынан кылсын, шейит даражасын берсин. Бей куноо жандар чыркырап кете берди.
06.11.2017. 12:49 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+2
karakulja, сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга тыюу салынган. Эскертүү!
06.11.2017. 12:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
22-08-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+12
Деги эмне эле болуп жатат я? Кечээ эле канча кырсык катталды эле,эми бугун да уройду учурган кырсык болуптур. Качан жол тартибин жонго салышат бизжин билермандар? Байкуштар,копчулугу жаш балдар экен. Жакшы тилек,жакшы умут менен алыска сапар алышып,эч нерсени тушунбостон,эмне болуп кеткенин билбестен кете беришти. Жаткан жерлери жайлуу болсун,топурактары торко болсун! Жакындарына конул айтып,сабыр тилейм!
06.11.2017. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
12-10-2018 23:46
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы жаңылык укпай калдык го((. Жайлары жаннаттан болсун...
06.11.2017. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айланайын кудай кудуретиңден кагылайын Аллахым мусулман бир туугандарыма ырайымың келсин кырсык балээден сактай кор кудайым.Кимибиз кай жерде өлүшүбүздү билбейбиз эми гана жаралган наристе эмнени көрдү ....Эч кимди күнөөлөбөйбүз өлүм ак бирок жолдогу эрежени шоферлордун тажрыйбасын текшергилечи штрафты үч төрт эсе көбөйткүлө ушунча өлүм житим жетишет убакыт келди .Жүрөгүм ооруп ичим уйгу туйгу болуп турат ал жолдон менин да жандан артык көргөн жакындарым өтүшөт.
06.11.2017. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
31-10-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ош Бишкек жолунда чон грузовойлорда катту айдашат бензин газ ташыгандар камаздар жук болсода учушатта ошолорле секинрак айдашса бурумдарда катту бурулуп кобунчо антарылат
06.11.2017. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
15-11-2018 00:26
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кундо эртен мн мекенимдин жанылыктарын угам деп суперге кирем,кундо кун алыс ушундай суук кабар...эх аттин АЛЛАХКА шек келтирбейин,озуно керектуулорду алып кете берет экен да.
06.11.2017. 13:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1129
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул оор жук ташыгандардын ылдамдыгын чектеген закондорду кылп албаган Минтранс, ПМ жетекчилери иш ен кетишсин, уялбай отурушат
06.11.2017. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
03-04-2018 17:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлик Кан менен келип Кан менен кетет деген ушулда
06.11.2017. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-05-2017
Соӊку аракети:
08-11-2017 10:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол коопсуздугун жөнгө сала турган мыйзамдарды эмес аскадагы ак мөңгүлөргө асылышат.
06.11.2017. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 11:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Жалан жатат экен.Кандай гана жакшы тилектери менен иштеп келген бараткан адамдар экен.Жайлары Жаннаттан болсун баарынын!
06.11.2017. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
10-06-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххххх, жандары жаннатта болсун! Журогум тилинип кетти, байкуштарды элестетип алып. Кичинекей ымыркайды айтсан..... Эмне мынча шашат дейм да.
06.11.2017. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
29-05-2017
Соӊку аракети:
26-12-2017 04:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ижайлары жаннаттан болсун жакындарына сабыр берсин дагы бир жолу бийликтегилерди кунооломокчумун элдин камын ойлобой оз чонтогумо сала калайын дебегенинерде тентибеей эле Кыргызстанда журот элек жеп жутаарлар мин наалат силерге эртенкинерди ойлобойт экенсинер акыретте кантип жооп берем деп
06.11.2017. 14:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
06-06-2018 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кооз жер
+4
Жумуш жок,айласыздан орусияга жөнөштү да(Келечеги туман мигрант болуп. (((Үй-бүлөсүнө сабыр.Аллах жайын жаннаттан берсин.
06.11.2017. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
370
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 23:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлары жаннаттан болсун Аллах таалам шейитинен кылган болсун не кылабыз арга жок жакындарына сабыр берсин бул да болсо Аллахым бешенеге жазган экен корбоско Айла жок себепкер кылып койду ушуну ажалдарына.
06.11.2017. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Жаман окуя болуптур, жайлары жаннаттан болсун! Эх, өкүнүчтүү Кыргызстанда адам өлүмү көп болуп жатат негедир.
06.11.2017. 19:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
688
Катталган:
19-02-2017
Соӊку аракети:
01-05-2018 10:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болгон экен,каза болгондорду Аллахым өз мээримине алсын.Сабыр жакындарына.Оор жүк ташыган фура бензовоздор жеңил машине менен тең жарышып айдашат тооба кылдым.Авария болгон жер бурулуш экен,бензовоз катуу келип алган го.
06.11.2017. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
09-11-2018 16:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш баладар экен жайлары жаннаттан болсун
06.11.2017. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
02-04-2015
Соӊку аракети:
02-10-2018 22:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай урсун Ашаны
06.11.2017. 23:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
01-11-2013
Соӊку аракети:
25-05-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Озгонский
0
Жайлары жаннаттан болсун бир туугандарыбыздын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117643;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: