Акыркы эки күндөгү үч жол кырсыгы 19 адамдын өмүрүн алды. Алсак, 5-ноябрда Бишкекте үч унаа кагышып, 5 адам каза болгон. Анда Тойота Камри катуу ылдамдыкта баратып алдындагы Хонда Фит унаасынын артынан сүзүп, андан кийин каршылаш тилкеде келе жаткан Тойота Камри унаасын сүзгөн. Сүзгөн унаа ичиндеги адамдары менен кошо толук күйүп кеткен.
Ал эми 6-ноябрга караган түнү Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында болгон жол кырсыгы 10 адамдын өмүрүн алды. ӨКМнын маалыматына караганда, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен ДАФ газ ташуучу унаа бетме-бет кагылышкан. Газ ташуучу унаа Ош тарапка бараткан. Ал эми Хонда Степвагон Өзгөндөн Бишкекке жол тарткан.
Андан сырткары 6-ноябрь күнү саат 20:22 чамасында Бишкектен "Манас" аэропортуна баруучу жолдо адам өмүрүн алган дагы бир жол кырсыгы катталды. Анда айдоочу БМВ үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын кесепетинен төрт адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилген.