ӨКМ: "Ош-Бишкек жолунда жол кырсыгы катталып, 10 адамдын өмүрүн алды. Арасында балдар да бар"
"Бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында жол кырсыгы катталды. Кырсык 10 адамдын өмүрүн алды", - деп маалымдалды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.
Маалыматта айтылгандай, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен ДАФ газ ташуучу унаа бетме-бет кагылышкан.
"Каза болгондордон бирөө аял киши, экөө балдар, алардын бири 6 айлык, жетөө эркек кишилер. Кырсык түнкү саат 12:05те катталып, 8 адам окуя болгон жерде көз жумган. Экөө ооруканада каза болду. Учурда кырсыктан каза болгон адамдардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.