Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул тууралуу 8-ноябрда Орусия президентинин расмий сайты жарыялады. Өлкө жетекчилери эки тараптуу мамилелерди талкуулашкан.
Алмазбек Атамбаев акыркы жолу Путин менен быйыл 19-октябрда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ушул эле күнү Бишкекте Орусия лидеринин кеӊешчиси Сергей Глазьевди кабыл алып пикир алышканы белгилүү.