Америкалык ырчы Мэрайя Кэрини жан сакчысы сотко берет. Ал ырчыны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасады жана басынтты деп айыптоодо

Буга чейин белгилүү актёрлор Дастин Хоффман, Кевин Спейси, продюсер Харви Вайнштейн жана башкалар сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасагандыгы боюнча айыпталышса, жакында эле ырчы Мэрайя Кэриге да ушундай айып тагылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Белгилүү болгондой, 2015-жылдан 2017-жылдын май айына чейин Кэри менен келишим аркылуу чогуу иштешкен күзөт компаниясынын жетекчиси Майкл Анелло ырчыны сотко берүүгө камынууда. Себеби ырчы аны дайыма басынтып, улутчул деп атап келген. Ал гана эмес, башка жан сакчыларды да ар дайым шылдыңга алчу. Ошондой эле бир жолу "жүктү жылдырууга жардам керек" деген шылтоо менен Анеллону мейманканадагы номерине чакырган. Бирок ал барганда жарым жылаңач эшикти ачып, аны интимдик катнашка чакырган. Жан сакчы ачууланып, ырчыны жалгыз калтырган боюнча бөлмөдөн чыгып кеткен.

"6-ноябрь күнү Кэринин өкүлү Анеллонун адвокаты менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда окуяны сотко жеткирүүнүн кажети жок экени айтылып, ырчы жан сакчыга белгилүү суммадагы каражат төлөп берери тууралуу кеп болгон. Бирок экинчи тарап ырчы сунуштаган суммага көнгөн эмес. Учурда сүйлөшүүлөр уланууда", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
tima01
2017-11-09 15:34:01
Рас кылыптыр!!!
+5
kechirmeni
2017-11-09 15:57:23
Жан сакчы да эркек экен башка болгондо давай дейт эле
-1
ekaterinburg
2017-11-09 16:01:46
kechirmeni,давай десе эркек болмок.
+5
kechirmeni
2017-11-09 16:19:40
ekaterinburg,катынпос эркек эмес чыныгы уй булосун уйундогу жубайын ойлогон эркек
+5
ekaterinburg
2017-11-09 17:50:28
kechirmeni,ылдыйды оку,давай дебесе ушинтишет,кордунбу?
+3
Nuke_A
2017-11-09 16:03:27
жан саксычы голубой окшойт да ))))
+14
Dembele84
2017-11-09 16:37:16
Торпоктой болуп турган фигурасын коруп алып корозу качып калса керек да,фигура дын болгондо шарт баса калса керек эле.Бирок ошонун баарын унчукпай катып журуп,контрагы бутуп акча керек болгондо сотко берем деп чыкканы эркектике жатпайт го дейм
+17
tular
2017-11-09 17:18:08
Мен жан сакчысы болгонумда, контрактты дагы узартып жыргап журот элем...
+9
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-09 19:34:31
Ашказанын тарттырып охранигине жагынайын деген го даддин
+1
kirov11a
2017-11-10 01:39:32
Кантип отказ берген
0
Nora
2017-11-10 06:32:10
akcha talap kylgysy kelgen da, oshon uchun jatpai chygyp ketti .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан