Чет элдик маалымат каражаттарында маалымдалгандай, дүйнөгө белгилүү болгон актрисалар продюсер Харви Вайнштейндин аларга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерин айтып беришти.
Маалыматка ылайык, продюсердин сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттери тууралуу актрисалар Анжелина Жоли, Гвинет Пэлтроу, Розанна Аркет, Азия Арженто жана Миро Сарвино маалымдашкан.
Гвинеттин айтымында, продюсердин сексуалдык мүнөздөгү аракетине ал "Эмма" тасмасын тартуу алдында, 22 жашында туш болгон. Актрисаны жолугушууга чакырган Вайнштейн аны мейманканада күтүп алган. Продюсер жаш кызга уктоочу бөлмөгө өтүүнү сунуштагандан кийин актриса андан баш тартып, кетип калган.
Ошондой эле Анжелина Жоли да дал ушундай окуяга туш болгонун, ошондон тартып аталган продюсер менен иштешүүнү токтотконун айткан.
65 жаштагы Харви Вайнштейн Голливуддагы эң белгилүү продюсер, Miramax жана Weinstein Co компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Октябрь айынын башында продюсер ондогон жылдардан бери актрисаларга жана өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлерге карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасап жүргөндүгү, бирок бир дагы иши сотко жетпегендиги маалым болгон.
Продюсердин бул аракеттери актрисалар жана анын карамагында иштегендер тарабынан ашкереленгенден кийин Weinstein Co компаниясы аны жумуштан бошоткон.