Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин соттук иши уланууда. Ал Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жерин жатаканасы менен бирге жеке тарапка 3 миллион 200 миң сомго саткан. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ экспертиза жүргүзүп, жерди жатакана менен бирге 17 миллион сомдон ашык акчага баалаган.
Сот отурумунун жүрүшүндө жактоочулардын өтүнүчүнө ылайык учурда сот залында жеке эксперт Жаныбек Исаев эксперттик топтун мүлктү баалоодогу аракетине баа берүүдө. Ал Эсептөө палатасында башкы инспектор болуп иштегенин, айыпталуучу Канат Исаев менен тааныштыгы жоктугун белгилеп, андан кийин суроолорго жооп берди.
Анын белгилешинче, эксперттик топ сатылган мүлктү баалоодо тийиштүү стандарттарды сактаган эмес. "Мага жактоочулар тарабынан сунуш түшүп эксперттик топтун корутундусу менен таанышып чыктым. Экспертиза жүргүзүүдө нормативдик актыда көрсөтүлгөн стандарттарды сакташкан эмес. Ал эми мүлккө койгон баасына мүнөздөмө бере албайм", - деди Жаныбек Исаев.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.
Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.