Бишкек шаардык соту “Элдик парламенттин” 5 мүчөсүнө карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү өкүмдү бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы чыгарды. Ага ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 2-августта чыгарган өкүмү күчүндө калды.
Ушул жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Элдик парламенттин” 5 мүчөсүнө карата өкүм чыгарган. Анда Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилип, ал эми Тойгонбек Калматов 5 жылга, Александр Гусев 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Алар “бийликти күч менен басып алууга даярдануу" жана "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" боюнча айыпталган.
Айта кетсек, 2016-жылдын май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. УКМКнын билдиришинче, булар "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери менен айыпталышкан. Аталган жарандар жана биримдиктин башка мүчөлөрүнө "өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган акция уюштурууну, андан ары мыйзамсыз аракеттер менен бийликти басып алууну пландашкан" деген күнөө тагылган.