Чүйдө "эки жашар баланы катуу сабап, зордуктады" деп шектелген адамды өмүр бою, жубайын 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калды

Чүй облусунда "эки жашар баланы катуу сабап, зордуктады" деп айыпталган адамдардын үстүнөн чыккан райондук соттун өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына жабыркаган баланын жактоочусу Чолпон Кудайбердиева билдирди.

"Бул ишти кечээ, 17-ноябрда Чүй облустук соту карады. Ал 2017-жылдын 28-январында Аламүдүн райондук сотунун "Жаныбек Тулебеков өмүр бою, аялы Айзада Аккөзова 15 жылга эркинен ажыратылсын" деген чечимин күчүндө калтырды. Сот алардын өспүрүм балдары болгонун эске алып, үй-мүлктөрүн конфискациялоо боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгарды", - деди жактоочу.

Эске салсак, 2015-жылдын 11-январына караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана агасынын аялы эки айга камакка алынган. Ушул жылдын 28-февралында ишти Аламүдүн райондук соту карап, агасын өмүр бою, аялын 15 жылга эркинен ажыраткан. Буга макул болбогон айыпталуучу тарап апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
NURSAPAR
2017-11-18 15:26:55
Рас болуптур экөөнү тең өмүр бою эркинен ажыратуу керек эле
+12
gute
2017-11-18 15:33:20
Ээ ушундайлар качан бутот деги жыл сайын кобойуп эле баратат
+5
lady_91
2017-11-18 15:35:36
Бала азыр кайда абалы кандай билип бергилечи супер
+4
Jazdyn_tany
2017-11-18 17:58:27
lady_91,Ибрагим баспайт, сүйлөй албайт, өз алдынча тамак иче албайт экен. КТРКдан көрсөттү (((((
Эххх, наристени сабагандарга наалат!
+2
mira28
2017-11-18 15:36:19
Багып олиурбастан олум жазасын чыгарып салса болмок.Супер инфодон суранар элем ушул баланын азыркы тагдыры ден соолугу психикасы жонундо маалымат алсаныздар деп.2жылдан бери баланын кыйналганын элесиетип журогум титирейт .Сураныч азыркы жашоосу жонундо маалымат кутобуз.
+6
raikakyz
2017-11-18 16:03:07
Ибрагим жакшы болуп калды бекен,супер инфо.Бала тууралуу маалымат алгылачы.Убвгында баланы жабырланткандарга туура эле чечим чыгыптыр.Ошол мезгилде ойлонуп иш кылыш керек болчу.
+5
Konfetti
2017-11-18 16:33:37
Кантип дити барды 2жашар баланы зордуктаганы,47жаштагы мал.олум жазага гана татыктуу
+6
aiko15
2017-11-18 16:39:52
Konfetti,эн туура соз журогум эзилип кететда ушундайларды укканда
+2
rysik79
2017-11-18 16:40:14
Ибрагим кайда болду экен маалымат берсениздер жакшы болмок. Бут Кыргызстан кайгырган Ибрагимге.
+4
Bek_abad
2017-11-18 17:14:07
Аллах жазасын берсин..
+3
barsbek.04
2017-11-18 17:43:22
Кыргызстандагы биринчи адилеттуу окум болуптур ушундай кылыш керек мындайларды
+5
kanu
2017-11-18 18:11:23
аялын деле омур бою берсе болмок экен, мындайларды элди чогултуп козунчо дарга асып олтурсо аябай чындык болмок,
+2
aman0296
2017-11-18 18:39:34
Уялбай кайра карап чыксын деп нааразы болгонун. Бет деген жок экен. Ойлогонго 1 жылга отурам деп.
+1
Baku88
2017-11-19 04:53:21
Зөөкүр жазанды кудай кош колдоп берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан