Жалал-Абад облусундагы митингчилер облустук администрациянын имаратын курчоого алышып, губернаторду иш бөлмөсүнөн кууп чыгышты. Анын ордуна "Ата Журт" партиясынын Жалал-Абад шаарындагы координатору Медер Үсөновду дайындашканын жар салышты. Милиция кызматкерлери менен митингчилердин ортосунда кагылышуу чыкты.