SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги каарманы Европанын Польша мамлекетин багындырган Аделина Максат болмокчу.
Аделина болгону 18 жашында Европага сапар алып, Польша мамлекетинде окуусун аяктаган чагы. Жаш туруп чоң максаттарды көздөгөн кыргыз кызы бул жетишкендиктерге кантип жетти? Анда кезектеги баарлашууну сунуштайбыз.
- Саламатсызбы, Аделина! Өзүңүз тууралуу кыскача тааныштыра кетсеңиз.
- Саламатсызбы! Мен 2004-жылы Бишкекте туулгам. Варшавадагы Вистула университетин графикалык дизайн багыты боюнча аяктадым. Маданиятты, искусство тарыхын жана визуалдык коммуникацияларды изилдөөнү абдан жакшы көрөм.
- Польшага кантип барып калдыңыз?
- Чынын айтсам, Польшага күтүлбөгөн эле жерден келип калдым. Мен ар дайым Европада окууну кыялданчумун жана бул максатыма карай умтулдум. Ата-энем мени жалгыз жиберүүдөн коркуп, тынчсызданышкандыктан, тууган эжем менен чогуу келгем. Ал көп өтпөй эле кайра учуп кетти, ал эми мен калдым. Азыр түшүнүп жатам: кээде тобокелдик эң туура чечим болуп калат экен.
- Чет өлкөдөгү жашоо тууралуу ойлоруңуздун кайсынысы туш келбей калды? Эмне эң оор болду? Тез эле көнүп кеттиңизби? Ал жакта жашоо Кыргызстанга караганда канчалык кымбат?
- Мен Польшанын мынчалык таза, жапжашыл жана жол жүрүүгө ушунчалык ыңгайлуу экенин күткөн эмесмин. Менин оюмча, бул жерде Европа боюнча эң мыкты коомдук транспорттордун бири курулган. Кайсы жерден жаңылдым: англис тили гана жетиштүү болот го деп ойлогом. Бирок маданиятка толук аралашып, жергиликтүү эл менен жакындан баарлашуу үчүн өлкөнүн тилин билүү керек экен. Маданият менен өзгөчөлүктү жогору баалаган мен сыяктуу адам үчүн бул абдан маанилүү жана башкы маселе.
Мен сырттан гана баары сонун көрүнгөн жасалма жашоону көрсөткүм келбейт, ошондуктан ачыгын айтам. Күндүз дайыма кыймылдасың, досторуң менен жолугасың, ал эми кечинде таптакыр жымжырт батирге келесиң. Мына ушул жалгыздык өзгөчө катуу тийет. Майрамдарда да бул сезим абдан билинет. Муну менен катар батир табууну, салыктар кандай төлөнөрүн, атүгүл польшалык сайттардан кантип заказ берүүнү да өз алдымча үйрөнүүгө туура келди. Капысынан эле ушундай чоңдордун жашоосуна туш келесиң жана окуудан кийин сени үйдө ата-энең, даяр тамак жана чекеңден өөп тосуп алар эч ким жок экенин түшүнөсүң.
Дагы бир оор нерсе – өз үй-бүлөңдүн жашоосундагы маанилүү көз ирмемдерди өткөрүп жибересиң. Жакындарым жаңылыктарын айтып жатышканда, алар менен жөн гана чогуу чай ичип, кучактап, колдоп отуруу үчүн бардыгын берүүгө даяр болчумун. Атүгүл бүгүн да апам менен видео чалуу аркылуу чогуу тамак жасадык, ушундай мүмкүнчүлүктүн барына шүгүр, бирок баары бир жүрөгүң сыздап кетет экен.
Бул жакка жеңил көнүп кеттим. Алгачкы жарым жыл өзгөчө бир кубанычтуу сезимдер менен коштолду: Европа, толгон-токой уюмдар, баары жаңы. Андан кийин гана чоңдордун чыныгы жашоосу башталды. Сен жаңыча жашоого үйрөнөсүң: башка өлкөнүн тутуму кандай ишээрин түшүнүп, мыйзамдаштыруу маселелерин чечесиң, жумуш издейсиң жана бөтөн тилде билим аласың. Ошол эле учурда бул жердин тилин билген, үй-бүлөсү жана тааныш-билиштери бар адамдар менен атаандашууга туура келет.
"Бул жерде кала аламбы, баарын көтөрө аламбы?" деген коркунучтар да пайда болушу мүмкүн. Эмиграция айсбергге окшош: сыртынан чокусу гана көрүнгөнү менен, суу астында толгон-токой жашыруун таштар бар. Башка өлкөгө кетүүнү пландап жаткандарга кайсы мамлекетке барарын алдын ала жакшылап ойлонууну жана анын тилин кеткенге чейин эле үйрөнүүнү сунуштайм. Ошондо көнүп кетүү бир топ жеңил болот.
Азык-түлүктүн баасы дээрлик Кыргызстандагыдай эле, бирок Варшавада турак жай ижарасы бир аз кымбат. Анткен менен студенттер үчүн жеңилдиктер абдан көп. Мисалы, айлык жол жүрүү билети 55 злотый турат. Ал эми арзандатууларды байкап жүрсөңүз, Италияга же Парижге 40–50 еврого билет сатып алса болот. Айлык акылар да жогору: учурда эң төмөнкү айлык акы айына 4806 злотыйды (болжол менен 108 087 сом) түзөт, ал эми көп жерлерде сааттык төлөм колдонулуп, бир саатка 31,40 злотый эсептелет. Мага Польшанын экономикасы өсүп, минималдуу эмгек акы иш жүзүндө жыл сайын жогорулап жатканы абдан жагат.
- Сиз графикалык дизайн багытында билим алган экенсиз. Бул кесипти тандоодо жаңылыштым деп ойлогон учурларыңыз болдубу? Билим алуудан тышкары, алган билимиңизди иш жүзүндө колдонууга жана жумуш табууга канчалык мүмкүнчүлүк болду?
- Албетте, мындай учурлар ар бир студентте болгондой эле, менде да болгон. Айрыкча окуунун акыркы курстарында жасалма интеллект өнүгүп жаткан учурда, эмоционалдык чарчоонун жана "жумуш таба аламбы?" деген коркунучтун айынан ушундай ойлор жаралды. Бирок кийин жасалма интеллектти да туура багытта колдоно билүү керектигин түшүндүм. Менин кесибим бир нече тармакты камтыгандыктан, заманбап багытка өзгөрүп турат.
Алган билимимди практикада колдонууга аракет кылып келем. Учурда SMM тармагында толук эмес жумуш убактысы менен иштейм. Ошол эле учурда фриланс-долбоорлорду да аткарып, толук жумуш күнүнө ылайыктуу жумуш издеп жатам. Студент кезимде дүкөндө консультант болуп да иштегем. Ар кандай долбоорлорго ыктыярчы катары катышып, форумдарда видеограф, видеомонтажёр жана дизайнер болуп эмгектендим. Мындан тышкары, өзүмдүн чыгармачылык иштеримди да тартчумун. Сүйүү баянын чагылдырган видеолорду (love story), фотосессияларды жана видеоэсселерди даярдап келем.
Менин дипломдук жумушум дагы иш жүзүндөгү практикалык долбоор болду. Мен Борбордук Азиядан келген сүрөтчүлөрдүн эки күндүк көргөзмөсүн уюштурдум. Анда куратор, дизайнер жана уюштуруучу катары да өзүм чыктым. Билишимче, Польшадагы кыргыздардын арасында буга чейин мындай иш-чара жасала элек болчу, ошондуктан баары ийгиликтүү өткөнүнө абдан кубанычтамын. Бирок мени колдогон адамдар болбосо, мунун эч нерсеси ишке ашмак эмес. Окуу учурунда алган көндүмдөрүмө: брендинг, логотиптүзүү, ребрендинг, иллюстрация, анимация, ошондой эле санариптик жана кол менен тартылган графика багыттарына абдан ыраазымын. Бирок мен бакалавриатты башталышы гана деп эсептейм. Келечекте искусство тарыхы жана маданият таануу (культурология) тармагында магистратура менен PhD даражасын алууга умтулуп жатам.
- 18–19 жашта үй-бүлөдөн алыс жашоо оңой болбосо керек. Баарын таштап, Кыргызстанга эле кайтып кеткиңиз келген учурлар болдубу? Андай учурларда өзүңүзгө кантип күч-кубат бердиңиз?
- Ооба, артка кайтууну ниеттенген учурлар болду. Бирок кийин мунун баары эмне максат менен башталганын эстейсиң да, өзүңдү колго алып, алдыга карай жолуңду улантасың. Мен эң мыкты нерселерге жетүү үчүн келгем. Кыргызстанда бир жыл окуп, андан көп билим алгым келгенин жана жаңы горизонтторду багындыргым келерин түшүнгөм. Менин тамырымда көчмөн каны агып жатат, мени дайыма жаңы нерселерди таанып-билүү тартып турат. Канчалык кыйын болбосун, өзүмдүн чоң кыялдарымды эстейм да, максатыма карай кадам таштайм.
Польша да мага абдан көп нерсени берди мен бул жерден өстүм жана өзгөрдүм. Мага польшалыктардын тили жана маданияты жагат. Варшаванын маданий жашоосу абдан бай мен дайыма музейлер менен галереялардагы көргөзмөлөргө барып турам, театрларды абдан жакшы көрөм. Жакында эле Warsaw Gallery Week өттү, анда кураторлор менен сүрөтчүлөр Варшаванын тургундары жана коноктору үчүн кызыктуу көргөзмөлөрдү даярдашты. Ал эми ноябрь айында музейлерге жана сарайларга акысыз кирүү айы болот. Бул жерде искусствонун, өзгөчө студенттер үчүн, абдан жеткиликтүү экени мага абдан жагат.
- Келечегиңизди кайсы өлкө менен байланыштырасыз? Кыргызстанга кайтып келүүнү ойлойсузбу же эл аралык компанияда иштөө үчүн башка өлкөгө көчүп кетүүгө даярсызбы?
- Бул суроо мен үчүн оор. Андыктан азырынча менде так жана бир беткей жооп жок. Буга таасир этүүчү факторлор абдан көп. Көпчүлүк сыяктуу эле мен дагы Кыргызстанга өзүмдүн өзгөчө маданий салымымды кошууну, жаңыча көз караш жана куратордук тажрыйба алып барууну кыялданам. Ал эми азыр болсо кызыктуу сунуштарга жана биргелешкен долбоорлорго (коллаборацияларга) ачыкмын. Эгерде эл аралык компаниядан жакшы сунуш түшсө, башка өлкөгө да көчүп кетүүгө даярмын.
- Аделина, биз менен мазмундуу маек куруп, чет өлкөдөгү баалуу тажрыйбаңыз жана келечектеги чоң пландарыңыз менен бөлүшкөнүңүз үчүн сизге чоң рахмат. Мындан аркы иштериңизге албан ийгиликтерди каалайбыз!