КҮНСЕРЕП: Депутаттарга бир учурда 2 креслону ээлей турган күндөр келди

Бүгүн - 21-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал 17-ноябрда Бириккен улуттар уюмунда талкууланды. Уюмда "Бир тараптуу экономикалык чаралар - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык мажбурлоо каражаты" деген резолюция талкууланды. БУУдагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева билдирүү жасап, Казакстан 1,5 айдан бери атайы жасалма тоскоолдуктарды жаратып, блокада түзүп жатканын айтты. Жалпы дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө таандык жогоруда аталган резолюцияны 116 мамлекет колдоп, 2 мамлекет каршы болушту. Ал эми 49 мамлекет добуш берген жок.

Кыргыз-Казак мамилелериндеги кризисте эки тарап тең өз позициясында бекем карманууда. Казак тарап чек ара режимин күчөтүүдө эч кандай саясат жок экенин, болгону Кыргыздан салык мыйзамдарын ЕАЭБдин нормаларына шайкеш келтирүүнү, чек арадан жасалма продукцияларды өткөрбөөнү, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү камсыздоону, чек арадан баӊгизат жана курал-жарактарды аткезчилик жол менен өткөрбөөнү талап кылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев кызматтагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Казакстандын бийлигине карата айткан сөздөрү үчүн өкүнбөсүн, бул окуя келерки шайлоолорго сабак болорун айтты. Өзүнүн ачуу сөздөрү коңшу өлкөнүн биздин ички иштерге кийлигишүүсүнөн улам айтылганын билдирген Атамбаев, эмки шайлоолордо мындай көрүнүш болбойт деген үмүттө. Кыргыз Республикасы коӊшулар менен теӊата мамиле кылууга милдеттүү деп, ажо 3 жыл мурунку окуяны эске салды.

2014-жылдын 10-апрелинде Бишкекте “Кыргызгазды” орусиялык “Газпром” компаниясына сатуу келишимине кол коюлган. 4 күндөн кийин Өзбекстан Кыргыздын түштүк аймагына газ берүүнү эскертүүсүз токтотуп, Ош менен Жалал-Абадда 60 миӊдей абонент 9 айга чукул газсыз калган. Оппозиция "президент Кыргыздын стратегиялык маанилүү тармагын чет өлкөгө сатты" деп бийликти сындап, жер-жерлерде митингдер өткөрүлгөн. Өзбекстан жаратылыш газын кайрадан берип баштоо үчүн анын ордуна Кыргыздын аймагындагы талаштуу бир нече жерди берүүнү, ошондой эле Сох анклавына коридор ачууну талап кылганын Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев айтып чыккан. Бийликте 2 гана жол калган. Же Атамбаев мурдагы президенттер сыӊары жоон топ делегация менен Өзбекстанга барышы керек эле же өзбек газына альтернатива табуусу керек эле. Дагы биржол "Кыргызгазды" сатып алган "Газпромду" шаштырышы керек болчу. Жогорку Кеӊештин ошол кездеги спикери Асылбек Жээнбеков парламент трибунасынан "Кыргызстан газ көз карандысыздыгына жетишүү үчүн баары бир ушундай жолду басып өтүшү керек эле. Бул күндөр да өтөт, чыдайлы" дегени эсте. Ал эми "Газпромдун" 1 долларга сатылышы өзүнчө сөз. Өлкө бүтүндөй бир тармагын 1 долларга чет элдик ишканага сатып, ага жүз миӊдеген абоненти бар ири рынок түзүп берди. Ошол эле учурда дээрлик банкрот абалындагы ишканасын ири карызы менен кошо "Газпромго" сатып, арга түгөнүп турганда өлкөнү газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин чечти. 3 жылдан бери Кыргызга газ үзгүлтүксүз жеткирилип жатат, азырынча маселе жок. Атамбаев кечээ 2014-жылкы оор күндөргө чыдаган элге рахмат айтты. Өлкө башчысы Кыргыз-Казак мамилесиндеги кризистен улам жабыр тарткан күндөрдү дагы Өзбекстандын мисалында эстеп калуучу күндөр келер деген үмүттө.

Кырдаалдын экинчи жагы да бар. Казакстан коюп жаткан талаптардын күүсү менен Кыргыз бийлигине Бажы, Чек ара кызматтарындагы, күч түзүмдөрүндөгү коррупциядан арылып ала турган ыңгайлуу кырдаал түзүлдү. Бийлик ушул ыӊгайлуу учурда буга чейин тийишпей, көз жумуп келе жаткан паракорлорду тазаласа, бажы кызматын “миллион” атка конуп жүргөн чиновниктерден арылтса, баӊгизат, курал ташуу кылмыштарын токтотсо, бир эле учурда Казакстан менен мамилени жөндөп, ошол эле кезде өз элинин көзүнө да баатыр болуп чыга келмек...

Азыркы өкмөттүн курамында жаӊылануу күтүлүүдө. Биринчи премьер-министр Толкунбек Абдыгулов вице-премьер-министрлик кызматка сунушталууда. Анын талапкерлигин бүгүн Жогорку Кеӊештин тийиштүү комитети колдоого алды. Абдыгулов буга чейин кызматтан алынган вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна барат. Ал эми Зилалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматына барат деген сөздөр айтылып жатат. Өкмөт башчы Сапар Исаков Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетининин жыйынында Зилалиевге жакынкы күндөрү кызмат сунуштайбыз” деп билдирди. Мындан улам Зилалиев боюнча интернет айдыңында “отко күйбөс, сууга чөкпөс” деген тамашаллар пайда болду.

Бош калган биринчи вице-премьерликке ким келерин өкмөт ачыктай элек. Көшөгө артында бул кызматка Жогорку Кеңештен, бийликтин командасынан депутаттардын бири келет деген сөз жүрүүдө. 2016-жылдын 11-декабрында өзгөртүлгөн Конституциянын бир топ беренелери быйыл 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Алардын ичинде эң негизгиси премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлөт. Ошондой эле Башмыйзамга ылайык, Сапар Исаковдун биринчи орун басарлыгына парламент депутаттарынан бирөө барса, ал өкмөт мүчөсү болуп иштөө менен катар мандатын да сактап калат. Биринчи вице-премьерликке талапкер Жогорку Кеңеш депутаттарынан каралса, алар бул маселенин чечилишин 1-декабрга чейин чоюулары мүмкүн.Ошентип Жогорку Кеңештин депутаттарына жагымдуу доор келди, бактысын чиновник катары сынап көрүү, болбой баратса кол тийбестик мандатына кайтып келе берүү деген...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан