Крымдагы "Тайган" зоопаркында орангутанга вейп чектирген мушкер Анастасия Лучкина "Боец" клубунан чыгарылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги спортчунун машыктыруучусу жана клубдун жетекчиси Владимир Акатов билдиргенин жазды.
Буга чейин интернет желесинде мушкер кыздын вейп чегип, анан маймылга берип жаткан видеосу тараган. Ал видео орусиялыктардын нааразычылыгын жараткан. Кийинчерээк Лучкина жасаган жоругуна өкүнүп жатканын айтып, коомчулуктан кечирим сураган.
Орус басылмалары аталган зоопарктын өкүлү вейп чеккен маймыл өзүн жаман сезип жатканын билдиргенин да жазды.