Шаардык сот Аида Салянованын ишин кароону башка күнгө жылдырды

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту депутат Аида Салянованын Ленин райондук сотунун чечимине карата апелляциялык даттануусун карамак. Бирок Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын өтүнүчү менен шаардык сот ишти 27-ноябрда карамакчы болду.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан