Кыргыз спортчусу жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды

Кыргыз спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев Колумбиянын Боготе шаарында өткөн жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медалын тагынды. Бул тууралуу Муртазалиев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди.

"26-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болдум" деген ал.

Маалыматтарга караганда, Абдурахманхажи Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Ал алгачкы беттеште панамалык спортчуну жеңип, чейрек финалда казакстандык спортчунун үстүнө жеңишке жеткен. Жарым финалда Муртазалиев иорданиялык спортчу менен кез келип, жеңилүү ызасын тартып калган. Андан соң ал коло медаль үчүн болгон беттеште канадалык спортчуга туш келип, аны жеңген.

Эске салсак, Абдурахманхажи Муртазалиев жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда жана Жабык имараттагы Азия оюндарында алтын медалдарды багындырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sely
2017-11-27 10:58:40
Азаматсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан