Абдурахманхажи Муртазалиев жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугун багындырды

Вьетнамдын Ханой шаарында 11-14-август аралыгында өтүп жаткан жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Кыргыз спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алтын медалды жеңип алды. Жарым чейрек финалда ирандык Хабиб Ранжбарды, чейрек финалда иорданиялык Хайдер Рашедди жана жарым финалда казакстандык Андрей Гаврилюкту жеңип финалга жолдомо алган. Финалда Кыргыз спортчу Бириккен Араб Эмиратынан келген Кхалфан Балхол менен беттешип, 1-0 эсебинде жеңишке жеткен. Жыйынтыгында Абдурахманхажи Муртазалиев жиу-житсу боюнча Азия чемпиону аталды.

77 килограммга чейинки салмак ченинде Муртазали Муртазалиев алгач таиланддык Сатур Тайтханени жеңип, чейрек финалда ирандык Мохаммад Мансооридаварды уткан. Ал эми жарым финалда таиланддык Банпот Лерттхайсонгду жеңген. Финалда Муртазали Муртазалиев иорданиялык Хамзех Аль-Рашидге 0:3 эсебинде жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.

Нуркалый Мирланов 69 килограммга чейинки салмак ченинде алгач вьетнамдык спортчуну, андан кийин ирандык спортчуну жеңген. Жарым чейрек финалда Мирланов ливандык Даниел Хилалдан жеңилип калган. Ал эми биринчи көңүл жубатуучу кармашта Нуркалый Мирланов кореялык Жеонго Чунду утуп, коло байге үчүн болгон беттеште ирандык Амирхоссеин Хадемиандини жеңип, коло медалды тагынды.

Кыргыз спортчусу Эржан Батыров алгач беттешин чейрек финалдык баскычтан баштаган, анда кореялык Минжае Квон менен мушташып, 1:2 эсебинде жеңилип калган. Көңүл жубатуучу кармашта алгач таиланддык Саравут Песингди утуп, коло байге үчүн болгон беттеште сингапурлук Келвин Чуа Мингдин үстүнөн жеңишке ээ болду.

Эске салсак, Чолпон-Ата шаарында 21-22-июль аралыгында жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага 60тан ашык Кыргыз жана Казак спортчулары катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2017-08-14 10:22:04
Хажиаке молодец!
0
grace
2017-08-14 11:36:19
Куттуктайбыз, жеңишиң жеңишке улана берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан