Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл өкмөтүндөгү тоонун чокусун каптаган өрт кечээ, 26-ноябрда саат 13:45те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын маалыматына таянсак, 23-ноябрда саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн "Тёплые Ключи" эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабында тоонун чокусундагы куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган. 4 күнгө созулган өрттү өчүрүүгө Аламүдүн райондук өрт өчүрүү кызматынын 35 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Тилсиз жоонун кесепетинен 40 гектарга жакын куураган чөп жана арчалар күйүп кетти.