Аламүдүн районунда кечээ, 23-ноябрда саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн "Теплые Ключи" эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабында тоонун чокусунда болжол менен 15 гектар аянтта куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын Аламүдүн райондук №1-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу жана токой чарбасынын кызматкерлери тартылды. Тоодо күйүп жаткан куураган чөптү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 20:10до убактылуу токтотулган", - деп билдирет аталган кызмат.
Белгилүү болгондой, учурда өрт чектөөгө алына элек. Бүгүн эртең менен таңкы саат 6да 35 кызматкер өрт өчүрүү үчүн аталган аймакка чыгып кетишти.