Бүгүн, 3-декабрда ырчы Неля 34 жашка толду. Чыгармачылык менен үй-бүлөнү бирдей алып жүргөн айымдардын катарын толуктаган ырчыга куттуктоо үчүн байланышканыбызда өздүк майрамына жыл сайын жакшы маани берип белгилей тургандыгын билдирди.
"Рахмат. Азыр да Урмат экөөбүз менин туулган күнүмдү белгилөөгө даярданып, колубуз бошобой жаткан чак. Жыл сайын чыгармачылыктагы достор, жоро-жолдоштор менен белгилечүбүз. Бул жылы үй-бүлөбүз, жакын туугандарыбыздын катышуусунда өткөрөлү деп жатабыз. Эң жакын адамдарым алгачкылардан болуп куттукташты, кечээ ырчы Омардын үйлөнүү тоюнда эле туулган күнүм башталып, көптөгөн куттуктоолор айтылды, баарына ыраазымын. Белек жөнүндө айта турган болсом, Урмат белек берүү жагынан чебер эле, көңүлүмдөгү белектерди алып берип жүрөт. Башкысы анын амандыгынын өзү мен үчүн белек. Жолдошумдун куттуктоосун жеке баракчама жарыялап койдум, абдан жакшы куттуктоо болгон", - деди 2 баланын энеси Неля.
Ошондой эле бүгүн ырчы түгөйлөрдүн аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" ыры жарык көргөнүн кошумчалады. Неля коомчулукка "Балалыгым", "Жалган", "Атаке", "Осень" жана башка ырлары менен таанылган. Ырчы айым интернеттеги жеке баракчасына жыл сайын өткөргөн туулган күндөрүнөн сүрөттөр топтомун киргизген.
3-декабрга карата жылнаама.