Бишкек ШИИББи: "Кичинекей баласын тепкен кишинин аялы аны камактан чыгарууну суранып кайрылгандыгы тууралуу маалымат такталган жок"

"Жерде жатып калып атасынан тепки жеген баланын апасы күйөөсүн камактан чыгарууну суранып кайрылды" деген маалыматты айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккан. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул маалымат такталбагандыгын SUPER.KG'ге кабарлады.

Айрым маалымат каражаттарында жазылгандай, баласын ичке тепкен атанын 43 жаштагы аялы укук коргоо органдарынан күйөөсүн коё беришин өтүнгөн. Ал баланын атасынын үстүнөн арыз жазбай тургандыгын билдирген. Балага карата жасалган мамиле боюнча иликтөө иштери уланууда.

"Бүгүн Октябрь райондук соту ал кишиден тергөөчүнүн уруксаты жок эч жакка чыкпоо боюнча тилкат жаздырып коё береби же тергөө иштери аяктаганга чейин кармап турабы чечим кабыл алат", - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
gute
2017-12-04 11:08:58
Арыз жазбаса дагы соттош керек. Уйуно барып алып баласын, аялын кайра сабайт.
+7
kechirmeni
2017-12-04 11:29:31
gute, Арыз жазылбаса соттой албайт
-1
Asel1Aikol
2017-12-04 11:11:14
Мыйзам чынында таза иштесе анда камайт а эгерде мыйзам иштебей акчага сатылган болсо анда ден соолугуна байланыштуу үй камагына коё берет!
-1
Pandora
2017-12-04 11:11:20
Аялы суранса дагы айып пул толотуп жок дегенде 1-2ай камалсын.
+6
Karban86
2017-12-04 11:16:03
Кабардын ээси белек сага окшойт
+5
kechirmeni
2017-12-04 11:17:36
Эми чыгарса чыгарсын,атасы жини чукул неме окшойт,ачуу менен какыс кукус кылып койду окшойт,мен бул жерде атасын актаган жерим жок бирок, аны камап койсо аялын балдарын ким багат? ал жагын да ойлонуш керек. Кыргызда жакшы соз бар: "Огуз да олбосун, араба сынбасын" деген.
-4
anelya_kaparova
2017-12-04 11:50:59
kechirmeni,жакында эле Ошто бир ушундай ата сөрөй 12 жаштагы баласын сабап өлтүрдү, буга чейин дагы сабачу экен. бул балага дагы ушундай келечекти каалап турасыңарбы? Көчөдө ушинтип тээп атса, үйдө эмне кылат бул? Мындай атанын барынан жогу!
+8
Kattaldym
2017-12-04 11:21:00
ымыркай баласын ушундай тепкен айбан аялын жакшы эле тепкилесе керек
+7
Djal1987
2017-12-04 11:26:19
Эгер куйоосунун ордуна аялы болгондо, куйоосу башка аял издеп чыкмак. Эркектин жузу жок делет го. Аялдын кечиримдуулугунон ушундай иштер коп.
+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-04 11:30:18
Мен кордум катуу тебиптир жаш баланы 10х15 жашта болсо бир жон
+2
aerforce
2017-12-04 11:33:58
энесин кошуп камаш керек белге эмес бойрок кабыргага тепти 4₸жашка келгенче акылына кирбеген киши эмеско
-4
kechirmeni
2017-12-04 11:35:50
aerforce,Ата энесин экоону тен камаса баланы сен багасынбы?
0
suban78
2017-12-04 11:43:12
kechirmeni,Кудай сактасын го бирок баланы майып кылып койсо эмне болот,
+6
kechirmeni
2017-12-04 12:03:26
suban78,Эми болор иш болду, артка кайтара албайсын мин айткан менен,эми ошол баланын, уй булонун келечегин ойлош керек.Кишиге катуу эскертуу берип же штраф салып чыгарыш керек, эгер камап койсо баланы, уй булону ким багат? Анан да сенин айынан отургам деп балага дагы очошушу мумкун.
0
кыргыз Алик
2017-12-04 13:34:32
kechirmeni,Болоор иш болду дегенине тан калып атам.Закондуу турдо жазасын алсын,баласын ким багат эле керек болсо мамлекет карамагына алып аталык укугунан ажыратсын. Ушинтип отуруп бизде закон иштебейт да.Тиги Ибрагимди унутуп калдынарбы состояниесин кандай болгонун.Жазасын отоп буткондо деле укук коргоо органдарынын тыкыр козомолундо болуш керек мындай акмактар.Ошол сен айткан келечегин ойлош керек болсо ушуларды кылыш керек мамлекетю
+1
aerforce
2017-12-04 13:24:47
kechirmeni, берсе багып алмакмын ошондой ата эне бир куну олтуруп алганда анан ойлонот туура бизди сизди деле ата энелер жамбашка бираз чаап койчу андада эс тартып чонойуп калганда 2 жаштагы бала эмнени тушунот мындай окуя коп болуп жатат кече эле 7 жашар баланы атасы уруп олтуруп салбадыбы атам урат деп апасына айтса маани бербей койгон экен супер инфо эле жазып чыктыго
0
aerforce
2017-12-04 14:20:14
kechirmeni,кошуналары айтканын https://www.super.kg/mobile/kabar/news/211441/ мага минус баскандарда окугула
0
suban78
2017-12-04 11:39:44
ХХХХ бул акмакты жазалаш керек. ХХХХ видеосун коруп жаным чыгып кетти. Ээ короче...
+1
gulnazmadalbekova
2017-12-04 11:58:40
Ушундай да зоокур болобу тобо. Озу бала болбогонсуп. Тобо тобо . Аллахым ар бир пенденин журогуно ыйман берсин.
0
gulnazmadalbekova
2017-12-04 12:00:06
Видеону коруп журогум эзилип кетти. Эркек копсо козуно эч нерсе корунбой калат деген чын окшойт.
0
Syn4y
2017-12-04 13:08:45
serial bolup ketti go
0
mirsapar
2017-12-04 15:14:17
мамлекетте балдарга зордук зомбулук б-ча каршы туруу маелеси коп эле которулуп жатат го эмне учун бул кылыгы менен ага жазалоо болбойт, созсуз апасы арыз жазуу керек эмес, мамлекет доогер болуп жазасын берсин,видеону коргондо чыдабай кеттим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан