Кичинекей баланы тепкен эркек киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, кармалган жаран Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жеткирилди. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, бүгүн интернетке эркек киши кичинекей баланы белине тээп жаткан видео жарыяланган. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланган.