Бишкек шаардык соту депутат Салянованын ишин кароону башка күнгө жылдырды

Бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын ишин кароону башка күнгө жылдырды.

Буга депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекованын сотко келбегени себеп болду. Жакупбекованын дене табы көтөрүлүп, учурда ооруканада жатканы кабарланды. Мындан улам соттук отурум 12-декабрга жылдырылды.

Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ermekbai
2017-12-04 17:10:39
Сот качан башталган. Сот канча убак каралат. Же актай албай же камай албай убара болуп жатабы кандай түшүнсөк болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан