Аида Салянованын жактоочусу ооруп калгандыгына байланыштуу Бишкек шаардык сотунда өтүүчү соттук отурум башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралмак. Бирок анын жактоочусу Чынара Жакупбекова ооруп отурумга келе албагандыгына байланыштуу ишти кароо 12-декабрга жылдырылган.
Айта кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.