Сот Роза Отунбаеванын уулуна колу менен адепсиз жаңсоо көрсөткөн айдоочуну 5 миң сом айыпка жыкты

Бишкекте жол эрежесин бузуп, экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовго колу менен адепсиз жаңсоо кылган айдоочу Урмат Токтоназаровдун иши бүгүн, 8-декабрда Биринчи Май райондук сотто каралды. Соттук отурумга төрагалык кылган Айбек Эрнис уулу Токтоназаров адепсиз жоругун моюнуна алган соң аны 5 миң сом айыпка жыкты. Андан сырткары анын айдап жүргөн унаасынын мамлекеттик номуру конфискацияланды. Токтоназаров унааны эртеси айдап кетип, милиция тарабынан кармалган жаран анын иниси экенин айтканы белгилүү. Сот ошол учурда шектүү катары кармалган А.Ага да 5 миң сом айып төлөө чечимин чыгарды.

Айта кетсек, 28-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Л.Толстой көчөсүндө белгисиз айдоочу терезелери караңгылатылган жана атайын сигнал орнотулган Тойота Ленд Крузер унаасы менен каршы тилкеге чыгып жол эрежесин бузган. Андан сырткары айдоочу аны видеого тарткан экс-президент Роза Отунбаеванын уулу, жарандык активист Атай Садыбакасовго колунун ортоңку манжасын көрсөтүп кеткен.
Бишкек ШИИББи боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы терезелери караңгылатылган жана атайын сигнал орнотулган Тойота Ленд Крузер унаасынын айдоочусу 1996-жылы туулган А.А. кармалганын билдиришкен.

Бирок кийин социалдык тармактын колдонуучуларынын жардамынын аркасында видеодогу айдоочу менен Патрулдук милиция кармаган айдоочу эки башка адам экени белгилүү болуп, жол эрежесин бузган учурда унааны Урмат Токтоназаров башкарып баратканы аныкталган.

Ал эми Урмат Токтоназаров SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген. Ошондой эле ал Патрулдук милицияга өзү барып, түшүнүк кат жазганын да билдирген.

Жол эрежесин бузуп, колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
luuntik
2017-12-08 12:55:30
эмнеге 5000 сом эле, андан коп салса болбойбу мындайларга катуу чара колдонуш керек
+10
Eli.91
2017-12-08 13:08:16
Эй тооба чондорго кол жансоо менен айып толоп атса байлар суйлосун болуп калыптырго бул жакда кедейлер чындык учун канча адамдар буту бутуна тийбей чуркап журушот,канчасын патстава кылып камап коюшту.
+4
dina
2017-12-08 13:44:44
Колун корсоткону учун 5мин толосун, а жол эрежесин бузганы каралбайбы?
+5
Bektur.osh
2017-12-08 13:58:59
dina,туураа айтасыз,балким тологондур,балким жок
+1
modem4999
2017-12-08 13:57:30
Жазалма номур учунчу???
-2
Dalil
2017-12-08 13:59:36
5000 сом аз. Бир эле учурда төрт эреже бузуу катталып жатат. Же протокол коопсуздук куруна жазылдыбы? Ушуга окшогондордун айынан жол кырсыктары тыгындар болуп жатат.
+5
maks94.kb
2017-12-08 14:24:22
Ортоңку колу 5000 сомго барабар экен да ошондо
+4
aralbek
2017-12-08 21:02:45
Аз айып салып койушкан го
+1
LoLoPePe
2017-12-08 23:14:14
Сот болбой жерге киргирлер! жазалма номер, каршы тилкеге чыгып, уруксатсыз светтерди коюп, ушунча мыйзам бузуу мн болгон салган айып пулу ошолбу, акмак эле экенсинерда! эми албетте параландынар дечи ал жагынан канча алдынар ким билет,бирок озунорго окшогон бул акмака штрафды олчойтуп туруп канча бир жылга айдоочулук укуктан ажыратып салыш керек болчу.
+2
kaleb
2017-12-10 18:00:08
Ким Чен Ын болсо ортонку колун түп орду менен кесип таштамак...
0
kaleb
2017-12-10 18:06:12
Мамлекет 5000 сомго байыган тубайбы. Ушинтип аз аздан чогулта берсе буйруса кыргызстан оңолот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан