Бүгүн, 12-декабрда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы Азиянын футбол конфедерацияларынын (АФК) башкы штабында футзал боюнча Азия чемпиондугунун финалдык этабынын чүчү кулак аземи орун алды.
Чүчү кулак аземинин жыйынтыгында Кыргыз курама командасы "D" тайпасына жайгашып, Таиланд, Ливан жана Иордания курама командаларына туш келди.
Футзал боюнча Азия чемпиондугунун финалдык этабы 2018-жылы 1-11-февраль аралыгында Тайбэйде өтөт.
Эске салсак, Азия чемпиондугуна тандап алуу этабында Кыргыз курама командасы алгачкы беттешинде Түркмөнстан курамасы менен кез келип 5:3 эсеби менен жеңген, андан соң Непал курамасына туш келип 5:0 эсебинде утуп алган. Акыркы оюнунда Кыргыз футзалчылар Өзбекстан курамасы менен беттешип 4:3 эсебинде жеңилип калган.
Чүчү кулак аземинин жыйынтыгы:
"А" тайпасы: Кытайлык Тайбэй, Вьетнам, Малайзия, Бахрейн;
"В" тайпасы: Өзбекстан, Япония, Тажикстан, Корея;
"С" тайпасы: Иран, Ирак, Кытай, Мьянма;
"D" тайпасы: Таиланд, Кыргыз Республикасы, Ливан, Иордания.